Бишкекте катуу шамалдан бак кулап, 2 унааны басып калды

Бишкекте катуу шамалдан бак кулап, 2 унааны басып калды. Бул тууралуу  Назгүл Мамытова Фейсбук баракчасына жазып, видео жүктөдү.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн катталган. Тасмадан Toyota Harrier машинасынын арткы терезеси талкаланып, кузову мыйрыйганын, ал эми Honda Stream унаасынын капотуна тийгенин көрүүгө болот.

«Учкун ААКнын унаа токтоочу жайында жакшынакай токтоп турган эки унааны чириген дарак кулап, талкалап кеткен» ,-деп жазды ал.