Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-августта издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 29 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок.
Издөө иштери бүгүн, 5-август күнү улантылат.
Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.