Россияда Coca-Cola “Добрый” деген ат менен сатылат

Россияда Coca-Cola суусундуктарынын аталышы өзгөрүп, “Добрый” деген ат менен сатыла баштайт. Тактап айтканда, мындан ары “Добрый Cola” жана “Добрый Orange” деп аталарын россиялык басылмалар билдирди.

cola81 Россияда Coca-Cola "Добрый" деген ат менен сатылат

Ошондой эле жаңы даамдар пайда болоору белгиленген: Dushes, Cherry, Lemonade, Mango and Sib Travy.

“Баа, кыязы, өзгөрбөйт. Биринчи продукцияны ушул жылдын күзүндө чыгаруу пландалууда”, — деп жазылат билдирүүдө.