Токмокто батирден кемпирдин сөөгү табылды

Токмок шаарында батирден кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары Токмок шаарынын Сарыбагыш көчөсүндө жайгашкан үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 1942-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.