Азимбек Бекназаров элчи кызматынан бошотулду

Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

“Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды”, —  деп айтылат маалыматта.