“Бизге издөө иштерине катыша тургандар абдан керек”: Аиша Мурдинованын апасы элге кайрылды

Буга чейин изделип жаткан Аиша Мурдинованын ата-энеси издөө иштерине жардам берүүнү өтүнүп жалпы элге кайрылган.

Аишанын апасы Кенжегүл Бейтилешева кырсык болгон күнү көл жээгинде эмне болгонун айтып берди.

«Биз тайыз сууда сүзүп жатканбыз. Суу белиме чейин болчу. Кызым менен үйлөтүлгөн матрацта сүзүп жаткан элек. Толкун башталып, матрац төңкөрүлүп кетти. Ал экөөбүз сууга ар кайсы тарапта түшүп калдык. Күйөөм менен окуянын күбөлөрү дароо бизге чуркап келип, кызыбызды издей башташты, бирок таба алышкан жок», — дейт ал.

Ал учурда шок абалда экенин айтат. Бейтилешева белгилегендей, кырсыктан кийинки алгачкы күндөрү куткаруучулар активдүү издөө иштерин жүргүзүшкөн. Азыр алардын интенсивдүүлүгү азайды.

«Биз коомчулуктан, ыктыярчылардан жана жөн эле камкор адамдардан жардам сурайбыз. Бизге издөө иштерине катыша тургандар абдан керек», — деди Кенжегүл Бейтилешева.

Маркумдун үй-бүлөсү издөө иштерине жардам берүүгө даяр болгондорду 0705603704 жана 0700824212 номурларына байланышууну өтүнөт.

Эске салсак, Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 16 күндөн бери табыла элек. Ал ушул жылдын 18-июлунда саат 15:00дөрдө Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен. Кыздын атасынын айтымында, бөбөк апасы менен сууда матрац баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал башталып, толкун болгон. Ата-энеси бир заматта кызын таппай калышкан.

Буга чейин ӨКМ издөө иштери кандай жүрүп жатканын маалымдаган.