Бишкекте 16 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочунун видеосу тарады

0
35

Социалдык тармактарга Бишкек шаарында 16 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочунун видеосу тарады.

Ал видеодо унаа каршы тилкеге ​​чыгып, жолдон өтүп бара жаткан кыздыжыга сүзгөнүн көрүүгө болот.  Айдоочу унаадан түшпөстөн, жанында өтүп бара жаткан кичи автобустун айдоочусу жаңсоолор менен аны токтотууга аракет кылган, бирок ал кетип калган.

Айрым маалыматтарга караганда, кырсык 24-июль күнү түштөн кийин Юнусалиев көчөсүндөгү Бета Сторес 2 соода борборунун жанында болгон.

Кыз ооруканада. ИИМдин издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Honda Fit унаасынын 19 жаштагы шектүү айдоочусунун изине түшкөн. Ал тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди.