Кыргызстан «Тайвань маселеси» боюнча өз позициясы өзгөрбөстүгүн, «бирдиктүү Кытай» саясатын колдой турганын билдирет

0
22

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапарына байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Кыргызстан Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып турганы, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуу тез арада басыларына, тынчтык жана туруктуулукка жетүүсүнө үмүт артары айтылат.

«Кыргызстан «Тайвань маселеси» боюнча өз позициясы өзгөрбөстүгүн, кыргыз-кытай документтеринде көрсөтүлгөн «бирдиктүү Кытай» саясатын колдой турганын билдирет», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Нэнси Пелоси Тайванга 2-августта барган. Бул сапар алдында Кытай бийлиги Пелосинин Тайванга келишине катуу каршылыгын көрсөтүп, эскертүү жасаган.