
Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлгөндүгүн ӨКМден билдиришти.
Тилсиз жоо саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
«Борбор калаабыздын чок ортосунда салынып жаткан 14 кабаттуу үйдөн чыккан тилсиз жоо менен күрөшүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды», — деп айтылат маалыматта.