Германияда кыргыз жаранын полициянын унаасы сүздү

Германияда Кыргызстандын Б.к.С аттуу жараны жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, кырсыкка учураган кыргызстандык «Ferien Job» жайкы студенттик программасы боюнча убактылуу иштеп жүргөндүгү такталды.

«КРнын Германиядагы элчилигинин консулдук кызматкери 2022-жылдын 29-июлундаКР жаранына абалынан, окуянын жагдайларын тактоо, ошондой эле ага керектүү жардам көрсөтүү үчүн Ганноверге барып келди», — деп айтылат билдирүүдө.

Консулдук кызматкерлер жабырлануучу, иш берүүчү, полиция жана медициналык мекеменин кызматкерлери, башка кыргызстандык студенттер менен сүйлөшүшкөн.

«Жабырлануучу менен анын жанындагы студенттердин айтымында, Б. к.С.ны 2022-жылдын 26-июлунда өтүүгө уруксат берилбеген жерден бараткан учурда полициянын унаасы сүзүп кеткен жана ал ооруканага жеткирилип, ага ыкчам жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун абалы туруктуу, ага мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

Учурда жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүү, ага компенсация төлөп берүү жана иш берүүчү тарабынан кайра Кыргызстанга кайтууга авиабилет сатып берүү, ошондой жергиликтүү укук коргоо органдары менен окуяга тиешелүү юридикалык маселелер элчилик тарабынан каралууда.