Бир күн ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрт өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Бишкекте Лев Толстой көчөсүндөгү «Аманат» унаа оңдоочу жайынын 45 чарчы метр шыбын жалын каптаган. Ошондой эле Кыргыз көчөсүндө турак үйдүн 14 чарчы метр кампасы жана эски тиричилик буюмдары күйгөн.

Таш-Көмүр шаарында «Ауди» унаасы толугу менен өрттөнүп кеткен.