Тажикстанда 3,5 миңден ашык киши алтын чайкоого лицензия алды

0
180

Тажик өкмөтү 2019-жылы жеке адамдарга түстүү, баалуу металлдарды жана таштарды казууга уруксат бергенден кийин Согд облусунда 3,5 миңден ашык киши алтын чайкоого лицензия алды.

Уруксат алган жарандар тапкан баалуу металлдар менен таштарды Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик депозитарийге же жер казынасын кайра иштетүү лицензиясы бар өнөр жай ишканаларга сатууга милдеттүү.

Ашт районунун тургуну Отабек Усмонов эки жылдан бери Зарафшан дарыясынын жээгинде алтын чайкоо менен алектенет. Ал кичинекей алтын бүртүкчөсүн алуу үчүн өтө көп тоо текти чайкоого туура келгенине карабастан, бул Орусияга барып иштегенден көрө жакшы деп эсептейт.

«Мурда үй-бүлөмдү бир канча жыл Сибирде оор шарттарда иштеп баккам. Андан соң тиешелүү документтерди даярдап, алтын казууга уруксат алдым. Зарафшандын жээгинен жакшы акча тапса болот. Орусияда күнүнө 2 миң рублге чейин тапчумун. Бул жакта 7-8 саатта төрт граммга чейин алтын чайкап, күнүнө орточо 500 сомониден (50 долларга жакын) тапса болот. Биздин айрым чиновниктердин айлыгы 1 500 сомониден ашпайт», – деди Усмонов.

Согд облустук акимчилиги акыркы бир жарым жылдын ичинде баалуу жана түстүү металлдар менен таштарды казууга 3,5 миңден ашык киши лицензия алганын билдирди. Лицензиянын баасы 80 сомонини түзөт.

Рузи Холов 40 жылдан бери Зарафшан дарыясынын жээгинде алтын чайкоо менен мыйзамсыз алектенип келген. «Биз бул жерге жашырынып келип, дайыма тынчсызданып, коркуп турчубуз. Бейтааныш кишилерди көргөн сайын камалып кетпейли деп тапкан алтыныбызды дарыяга төгүп жиберчүбүз. Азыр лицензия менен иштеп, тапкан алтын үчүн жакшы акча алып жатабыз. Бизге көмүскө базардагы баадан да кымбат төлөп берип жатышат», – деди Холов.

Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода өткөн жылы Тоолуу Матча районунда эле 800гө жакын киши Зарафшан дарыясынын жээгинен алтын чайкап, 6 килограммга жакын баалуу металл табышканын билдирди. Анын айтымында, Тажикстандын Каржы министрлиги жер-жерлерде баалуу металлдарды кабыл алуу үчүн атайын жайларды ачкан. Жарандар ал жакка тапкан алтынын өткөрүп, акчасын дароо алып кетишет.

Алтын издеген жарандарга колго жасалган аспаптарды жана кыймылдаткычынын кубаттуулугу 50 аттын күчүнөн ашпаган техникаларды, ошондой эле кубаттуулугу саатына 5 куб метрден ашпаган чайкоо приборлорун колдонууга уруксат берилген. Ошол эле маалда тоо тектерди тазалоо үчүн химиялык реагенттерди пайдаланууга тыюу салынган.

Бийлик жеке адамдарга түстүү, баалуу металлдарды жана таштарды казууга уруксат бергенине карабастан, бүгүнкү күндө өлкөдө бул тармакта мыйзамсыз иштегендер да жок эмес.

Тажикстанда алтындын майда бүртүктөрүн Зарафшан, Пянж, Кофарнихан дарыяларында, ошондой эле Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы агын суулардын жээктеринен табууга болот.