Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.