
Акыркы 10 күндө Бишкекте мыйзам бузган курулушчуларга 1,8 млн сом айып пул салынды.
Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Бишкектеги архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалык долбоорлоо жана курулуш эрежелерин бузуулар үчүн мыйзамга ылайык 200 миң сом айып пул каралганын эскетрип, мыйзамды сактоого чакырат.
Бишкектеги архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы мыйзамсыз курулуш менен күрөшүү ишин улантат.