Кыргызстанда бир жуманын ичинде 1 миң 91 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда 25-31-июль аралыгында COVID-19дун 1 миң 91 учуру аныкталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 911 адам амбулатордук дарыланууда, 180и ооруканада жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 203 миң 776 учуру катталган.