Маймыл чечегинен Европадагы алгачкы адам өлүмү катталды

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги маймыл чечеги илдетине чалдыккан бейтаптын өлүмү тууралуу билдирди.

Бул оорунун учурдагы күчөшүндөгү Европадагы алгачкы жана Африкадан тышкары экинчи учур болуп саналат.

Азыркы убакта Испания маймыл чечегинин ырасталган учурларынын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи өлкө болуп турат.

Маймыл чечеги вирусунун белгилери:

– дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо;
– денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн;
– майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек (ветрянка) же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.

Бул белгилер байкалган учурда үй-бүлөлүк дарыгерге же бейтапканага кайрылуу зарыл, өз алдынча дарыланууга болбойт.