Кыргызстан ушул жылдын жай айларында россиялыктар арасында эң популярдуу чет элдик аба багыты болду

Кыргызстан 2022-жылдын жай айларында россиялыктар арасында эң популярдуу чет элдик аба багыты болуп калды. Бул тууралуу “Туту.ру” саякат аналитикалык кызматынын маалыматы тастыктайт, деп билдирет ТАСС.

Изилдөөгө ылайык, жүргүнчүлөрдүн 17,9%ы саякаттоо үчүн Кыргызстанды тандашкан. Билеттин бир тараптуу орточо баасы 10,5 миң рублди түзүп, бул 2021-жылга салыштырмалуу Кыргызстанга билеттин баасы 21%га кымбаттаганын билдирет. Популярдуулук боюнча экинчи орунда Тажикстан турат. Ал жакка билет алгандар 17,7%ды түзгөн. Билеттин орточо баасы 10,1 миң рублди түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 49%га арзан.

ik DE2wlxk Кыргызстан ушул жылдын жай айларында россиялыктар арасында эң популярдуу чет элдик аба багыты болду

«Чет өлкөлүк багыттардын ичинен эң көп суроо-талапка төмөнкү өлкөлөр ээ болууда: Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан жана Беларусь», — деп айтылат аталган компаниянын билдирүүсүндө.