Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун бычактан алган жаракаттары саналды

“Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловго 18 жолу бычак сайылган. Бул туурасында Кактус медиа порталы жазып чыкты.

Маалым болгондой, буга чейин соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бычактан алган жаракаттары саналган. Негизги соккулар моюнга жана дененин үстүнкү бөлүгүнө тийген.

Белгилей кетсек, “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. Бүгүн, 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылды. Шектүү кылмышты жеке кастыктан улам жасаганын айтты.