Орусияда ТикТок аркылуу террорчулукка чакырган Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Орусияда Кыргыз жаранына террорчулукту пропагандалоо беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, 26 жаштагы Озодбек Ахмаджанов аттуу кыргызстандык жаран ТикТок баракчасына үзгүлтүксүз видео жүктөп турган. Анын 3 видеосунда ачык эле террорчулукка чакырып, зордук-зомбулук идеологиясын актаганы аныкталган. Кыргызстандык жаранга карата 27-июлда 205.2 беренеси (террордук аракеттерге ачык чакыруу, террорчулукту ачык актоо же интернетти пайдалануу менен террорчулукту пропагандалоо) менен кылмыш иши козголгон. Ага ылайык, Кыргыз жараны 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.