Колонияны кайтарып жүргөн аскер кызматкери өз жанын кыйган. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 29-июлда, саат 08:30да Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы No27 колониянын кароолчусу кызмат учурунда өзүн атып алган. Ал алган жараатынан ошол жерден каза болгон.
Окуя болгон жерде Аскердик прокуратуранын кызматкерлери иш алып барышууда, алар окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат.