“Кыргыз темир жолунун” модернизацияланган люкс вагону Балыкчыга жөнөп кетти 

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын модернизацияланган люкс вагону бүгүн, 22-июлда Бишкектен Балыкчыга жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Билеттин баасы чоңдор үчүн 500 сом, балдарга 250 сомду түзөт.

Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар.

“Кыргыз темир жолунан” кошумчалашкандай, люкс вагон кошулган Бишкек–Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт.