Кыргызстан менен Германия ТИМнин ортосунда кезектеги саясий консультациялар болуп өттү

Кыргызстан менен Германиянын Тышкы иштер министрлиги ортосунда кезектеги саясий консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптан тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин, ал эми германиялык тараптан Германия Тышкы иштер федералдык министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Ыйгарым укуктуу Маттиас Луттенбергдин деңгээлинде катышышты.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында 2022-жылы бир катар биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгилешти. Маанилүү окуялардын бири болуп өткөн кыргыз-герман бизнес-форуму жана КР министрлер кабинетинин төрагасынын тең төрагалыгы астында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны болду.

Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, финансы-техникалык кызматташтык, “Жашыл Борбордук Азия” долбоорунун алкагындагы өз ара аракеттенүү жана консулдук-укуктук чөйрөдөгү маселелер талкууланды.

Андан тышкары, дипломаттар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Афганистан жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Айбек Молдогазиев менен Маттиас Люттенберг маселелерди ыкчам талкуулоо жана чечүү үчүн туруктуу иш байланышта болууну макулдашышты.