Күн бир жума катуу ысыйт. ӨКМдин чукул билдирүүсү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22нен 25-июлга чейин кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлө тургандыгын эскертти.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41 градус, Талас өрөөнүндө 34…39 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42 градуска чейин жетет.

Ал эми тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19 градус жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмге ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.