Кыргызстанда мигранттардын 5,4 миң баласы туугандык байланышы жок адамдардыкында жашайт

Кыргызстанда мигранттардын 5,4 миң баласы туугандары менен жашабайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.

Адистердин айтымында, жыл башынан бери 148 миң 920 жолу мигранттардын балдарына карата рейд өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында мигранттардын 88 миң 34 баласы аныкталган, Алардын ичинен 73 миң 546сы тышкы мигранттардын баласы, 14 миң 448 баланын ата-энеси ички мигранттар болгон.

Аныкталган учурда 5,4 миң бала алар менен туугандык байланышы жок адамдар менен жашаган (2021-жылы – 1,5 миң бала). Ошол эле учурда ата-энелер Кыргызстандын аймагында болбогон мезгилге расмий камкорчуну дайындоо боюнча чараларды көрүшпөйт.

Мигрант ата-энелердин аныкталган балдарынын ичинен 863ү алдын ала камкордукка алынган, соттон чечими менен 256 баланы үй-бүлөлөр асырап алган, 28и багып алуучу үй-бүлөлөргө берилген, 24ү интернаттарга жиберилген.

Аталган ата-энелерге балдарына расмий камкорчуну дайындоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.