БА лидерлеринин саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Кабар” маалымат агенттигине төмөнкү документтерге кол коюлганын билдирди:

– Биргелешкен декларация;
– Достук жана кызматташтык жөнүндө келишим;
– Эл аралык платформаларда өз ара аракеттенүү концепциясы;
– Жашыл күн тартиби;
– Аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы.