Жапаров: БА өлкөлөрү региондун кызыкчылыктарын дүйнөлүк аренада жылдыруу максатында мындан да тыгыз кызматташат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Быйыл жана келерки жылы биз дипломатиялык мамилелердин орношунун отуз жылдыгын белгилейбиз. Өткөн кылымдар бою боордош беш элдин бекем достугу жана ынтымакта жанаша жашап, тарыхтын бардык оош-кыйыштарына бирге туруштук берип, бүгүнкү күндө дүйнөнүн саясий картасына эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттер катары жазылдык.

Кылымдар бою кайталангыс цивилизацияны алып жүргөн байыркы элдерибиз бүгүнкү күндө Борбор Азияны чагылдырып турат. Бул – биз сыймыктана турган жалпы байлык!

Биздин алдыбызда турган тарыхый миссия – бүтүндүгүбүздү жана коопсуздугубузду сактоо, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин өнүгүүсүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу. Бактыга жараша, мындай маанилүү миссияны ишке ашыруу үчүн биздин регион өзүн-өзү камсыздайт, мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары жагынан ар түрдүү.

Кыргызстан саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жана эл аралык иштерде аймактык кызматташтыктын таратуучусу болгон Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун форматын колдойт.

Эл аралык мамилелердин азыркы кризистик шарттарында биздин өлкөлөр региондун жалпы кызыкчылыктарын дүйнөлүк аренада коргоо жана алдыга жылдыруу максатында мындан да тыгыз кызматташат деп ишенем.

Урматтуу кесиптештер!

Тилекке каршы, эл аралык чөйрө глобалдык коопсуздук жагынан да, дүйнөлүк экономика жагынан да оптимизмге шыктандырбайт.

Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттери коопсуздуктун салттуу чакырыктарына жана коркунучтарына туш болду, алардын жаңы гибриддик формаларыжаралды.

Ушуга байланыштуу мен Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизип жаткан абдан маанилүү маселеге токтолбой кете албайм. Мен Афганстандагы кырдаалды айтып жатам. Тилекке каршы, ал жерде кырдаал татаал жана божомол кыла албай тургандай калууда.

Биздин оюбузча, бийликке талибдердин жана ал түзгөн өкмөттүн келиши катаал чындык жана биз бул багытта биргелешкен жүрүм-турум линиясын иштеп чыгышыбыз керек, анын ичинде кошуна Афганстандын тынчтык жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.

Бул өңүттөн алганда Кыргызстандын бул багытта эки тараптуу негизде да, эл аралык жана аймактык диалог аянтчаларына катышуунун алкагында да Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен тыгыз кызматташууга умтулуусун белгилегим келет.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча Афганстандын өкмөтү менен байланышта экенибизди билдиргим келет. Ал жерде биздин элчилик өз ишин улантууда. Өткөн жылы биз Кабулга жана Афганстандын Бадахшанына гуманитардык жүк жеткирдик. Биз Афганстандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдүк, анын жүрүшүндө аймактык коопсуздуктун жана кызматташтыктын бир катар маселелери боюнча тынчсыздануубузду, ошондой эле Афганстан элинин кызыкчылыгында инклюзивдик өкмөт түзүүнүн маанилүүлүгүн билдирдик.

Биз Афганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу, афган элине керектүү гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү үчүн бири-бирибиз менен, өзгөчө БУУ жана региондун өлкөлөрү менен өз ара жигердүү аракеттенип, афган проблемасы боюнча биргелешип иш алып барабыз деп ишенем жана аларга эл аралык терроризмге, баңгизатка каршы күрөштө жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелеринде ички иштерге кийлигишпөө принциптеринде көмөктөшөт. Кыргызстан өз кезегинде бул процесске активдүү салым кошууга даяр.

Урматтуу мамлекет башчылары,

Региондо болуп өткөн кайгылуу окуялар деструктивдүү күчтөрдөн, анын ичинде диний фанаттарды жана кылмышкерлерди өз тарабына тарткан тышкы күчтөрдөн коопсуздукту камсыздоо маселелерин алдыңкы планга чыгарды.

Өз кезегинде Кыргызстан коңшу мамлекеттердин жетекчилигинин конституциялык түзүлүштү жана коомдук-саясий туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча чечкиндүү жана олуттуу аракеттерин толугу менен колдойт.

Мындан ары социалдык-экономикалык, улуттар аралык, диний жана башка шылтоолордон улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине жол бербөө керек.

Бул багытта өз ара аракеттерибизди бириктирүүгө чакырам.

Жалпы коопсуздук, туруктуулук жана бакубатчылык региондогу мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин атмосферасына көз каранды. Учурда Кыргызстандын боордош Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери уланууда.

Бул чек араларды тынчтыктын, достуктун жана ишенимдин ачык көпүрөсүнө, ал эми Фергана өрөөнүнүн өзүн Борбор Азиянын чыныгы оазисине айландыруу үчүн сүйлөшүүлөр процессин өз ара пайдалуу түрдө аяктоо боюнча саясий эркибизди ырастагым келет.

Урматтуу кесиптештер,

Коронавирус пандемиянын таасиринен толук чыга элек дүйнөлүк экономика азыр эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирип жатат.

Мындай кризисте азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, макроэкономикалык туруктуулукту жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери биринчи кезектеги көңүл бурууну жана макулдашылган аракеттерди талап кылат.

Дүйнөлүк соода түйүндөрүнүн үзгүлтүккө учурашына, товарларга жана чийки затка киргизилген экспорттук чектөөлөргө байланыштуу айыл чарба жана тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн жана резервдерин эске алуу менен биздин өлкөлөр өздөрүн азык-түлүк менен камсыз кылууга толук жөндөмдүү деп эсептейм.

Биз аймактагы азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарбасын өнүктүрүүнү арттыра турган бардык багыттар боюнча кеңейтилген кызматташтыкты жактайбыз.

Бул багыттардын бири суу ресурстары болуп саналат, анын көлөмү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бир топ кыскарган. Суу ресурстарын башкаруунун колдонуудагы механизмдери азыркы учурдун реалдуулуктарына жооп бербейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандырбайт.

Тактап айтканда Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери ушу кезге чейин өз баасын ала элек. Дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм, ошону менен суунун жогору жагындагы өлкөлөр суунун болушуна карабастан, анын ичинде суунун аз болгон мезгилинде дагы бир нече жылдар бою сугат үчүн суу ресурстарын вегетация мезгилинде топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат.

Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыя суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз. Анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралган.

Кыргызстан ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика жаатында өзүн-өзү камсыздоосун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактайт.

Биз Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго инвестициялык катышуусун кубаттайбыз. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жазында болгон авария аялуулукту көрсөткөн, ошондуктан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл.

Урматтуу мамлекет башчылары,

Эксперттердин болжолдоолору боюнча, дүйнөлүк экономикалык “тартылуу борбору” акырындык менен Азияга карай жылып жатат, бул биздин аймак үчүн, анын ичинде экономиканын “жашыл”, санариптик жана креативдүү секторлорун өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Акыркы он жылда Борбор Азияда экономикалык өсүштүн жана дүң продукциянын өсүшүнүн динамикалык темптери байкалды. 2021-жылы ИДПнын жалпы үлүшү үч жүз миллиард АКШ долларынан ашты.

Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы эркин соода жана инвестиция, транспорттук жана транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү деп эсептейм. Бүгүнкү күндө бул тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыктын жакшы мисалдары бар.

Сооданы активдештирүүгө Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында түзүлгөн чек ара соода борборлору, ошондой эле кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан өнөр жай соода-логистикалык борбор көмөктөшөт.

Эркин соодага тоскоол болгон тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды, анын ичинде чек арадагы товарларды негизсиз кечиктирүүлөрдү толугу менен алып салуу өтө маанилүү. Санариптештирүү куралдары топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берет деп ишенем.

Биздин мамлекеттердин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин эске алуу менен, биринчи кезекте региондогу интеграциянын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-транзиттик жана логистикалык инфраструктурасын жакшыртууга, дүйнөлүк транспорт түйүндөрүнө жана коридорлоруна кошулууга күч-аракет жумшоо зарыл.

Жакынкы он жылдыктарда темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбор Азияны маанилүүлүгү боюнча тарыхый Жибек Жолунан кем калышпай турган жаңы соода жолдорунун кесилишине айландырышы мүмкүн.

Маанилүү долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу болуп саналат. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Борбор Азиянын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ысык-Көлдүн жээгинде туруп туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин көз жаздымда калтыра албайм.

Улуу Трансконтиненталдык каттам жолунда жайгашкан Борбор Азия дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтерди магниттей өзүнө тартып турат.

Кыргызстан биргелешип адистештирилген туристтик маршруттарды уюштурууну, туристтер жалпы чек арадан өткөндө эс алууну киргизүүнү, аймактын ар бир өлкөсү үчүн туристтик мүмкүнчүлүктөрдүн маалымат базасы бар маалыматтык борборлорду түзүүнү, ошондой эле жалпы туристтик көргөзмөлөрдү жана жарманкелер, жалпы жарнамалык материалдарды чыгаруу.

Урматтуу кесиптештер,

Биздин элдерибиздин ортосундагы ынак коңшулаштыктын тарыхый терең салттары Борбор Азияны бирдиктүү маданий-гуманитардык мейкиндик катары жайгаштыруу үчүн жакшы өбөлгө болуп саналат. Биздин жарандардын, чыгармачыл коллективдердин, илимий чейрөлөрдүн ортосундагы байланыштарда чек жок.

Өлкөлөрүбүздүн руханий жакындыгын эске алуу менен биз жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү жана аймактын потенциалы, бул аймакта жашаган элдердин достугу жана биримдиги тууралуу маалымат берүүчү теледолбоорлордун сериясын, билим берүү тармагындагы бир катар теледолбоорлорду, биздин элдерибиздин тарыхы жана өзгөчөлүгү жөнүндөгү телерадио берүүлөрдү даярдоону сунуштайбыз.

Борбор Азия демографиялык жактан жаш аймак.

Биздин өлкөлөрдө жашаган жаштар биздин аймактын келечектеги гүлдөшүнүн кыймылдаткычы болот. Жаш таланттарды бардык тармактарда: экономика, маданият, инновация боюнча колдоо иш-чараларын өткөрүшүбүз керек. Жаштарыбызга, алардын билим алуусуна, жогорку сапаттагы кадрларды даярдоосуна инвестиция салуу маанилүү деп эсептейбиз”

Урматуу мамлекет башчылары,

Бугүн биз XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коебуз. Бул маанилүү документ регионубуздун өлкөлөрүнүн жакындоосуна жана учурдун коркунучтары менен чакырыктарына туруштук берүү үчүн күч-аракетибизди консолидациялоого оң таасир этерине үмүт артам. Бул тарыхый учур жана бул Келишим Борбор Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп өнүгүүсөнө бекем негиз болуп берет деп ишенем”.