Быйыл күзүндө пенсиянын дагы жогорулашы күтүлөт

Быйыл күзүндө кыргызстандыктарды пенсиянын жогорулашы күтөт. Бул тууралуу «Биринчи радио» берүүсүндө Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, республикада пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 7,1 миң сомду түзөт.

«2024-жылдын 1-июлуна чейин 1 миң же 2 миң сом алган жарандардын категориялары бар болчу. Төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жана камсыздандыруу стажынын бар экендигине байланыштуу аларга толук эмес пенсия дайындалчу. Реформалардын, жеңилдетүүлөрдүн жана өлкө башчысы тарабынан кабыл алынган чечимдердин аркасында учурда эң төмөнкү пенсия 7,1 миң сомду түзөт. Албетте, бул жетишсиз. Мунун үстүндө Соцфонд дагы иштеп жатат», — деди Жеңишбек Мукамбетов.

Ал пенсиянын өлчөмү инфляцияны жана орточо айлык акынын өсүшүн эске алуу менен жыл сайын индексацияланып турарын белгиледи.

«2026-жылы дагы пенсияны болжол менен октябрь айында жогорулатуу пландалууда. Жарым жылдыктын жыйынтыгы менен Социалдык фонддун бюджетине канча камсыздандыруу төгүмдөрү түшкөнүн көрөбүз жана ушул маалыматтарга таянып, мүмкүн болгон жогорулоонун пайызын эсептейбиз. Пенсионерлер жылдын башынан тартып эле пенсия канчага жогорулаарын сурашат, бирок биз реалдуу маалыматтарга, төгүмдөрдүн түшүүсүнө карап иш кылабыз», — деп баса белгиледи Жеңишбек Мукамбетов.

Анын берген маалыматы боюнча, республикада пенсиянын орточо өлчөмү 11,3 миң сомду түзөт.