ЖКККББ: Ысык-Көлдө жол кыймылы чектелет

2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт.


Аталган иш-чараны өткөрүү учурунда жол коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунда Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда 21-июль күнү саат 9:00 дөн 10:00 гө чейин толук чектөөлөр киргизилет жана делегациянын өтүү маалында гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.


Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, убактылуу киргизилген чектөөлөргө Ысык-Көл облусунун тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат. Жолдо жүрүү эрежерин так сактоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.
Ушул күндөрү өлкөнүн башка региондоруна жана региондордон Ысык-Көл облусуна сапар алууну көздөгөн жарандар, жолдордогу тыгындарда калып, кечигип калууларын алдын алуу үчүн өз каттамдарын өз убагында пландап алып, убакытты эртерээк пландоого чакырат.


ЖКККББгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат. Маршруттук өзгөрүүлөр болсо кошумча маалымдай турганын КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады.