Эски буюмдардын артына катылган. Аткезчилик жол менен ташылып келген дарылар аныкталды

Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалды, – деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Чек ара кызматы менен биргеликте өлкө аймагына кире беришинен КРнын К.К., аттуу жаранынын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.

Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К., аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектердин жүктөрү табылган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.