Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга учуп келди 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.