Бүгүн Улуттук гвардия 30 жылдык мааракесин белгиледи

Бугүн, 20-июлда Бишкекте КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Улуттук гвардиянын командачылыгы, өздүк курамы, ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коргоо министринин буйругу менен өзгөчө айырмаланган аскер кызматчылары юбилейлик медалдар жана грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле Улуттук гвардиянын калыптануу тарыхы жана күжүрмөн-кызматтык иш күндөрү тууралуу документалдык фильм көрсөтүлдү.

Иш-чара Улуттук гвардиянын аскер оркестринин жана ата мекендик эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы майрамдык концерт менен аяктады.

Маалымдама: Кыргызстанда жыл сайын 20-июлда КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын күнү белгиленет. Дал ушул күнү 1992-жылы Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи гвардиячылары Мекенине берилгендигине ант берип, кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен.

Улуттук гвардия мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоо; мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди кайтаруу; чет мамлекеттердин башчыларынын жолугушууларында жана узатууларында ардактуу кароол кызматын өтөө, ошондой эле протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө салтанаттуу ырым-жырымдарды аткаруу боюнча милдеттерди аткаруучу КР Куралдуу күчтөрүнүн атайын аскердик түзүлүшү болуп саналат.