«Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту” ишканасына жаңы директор дайындалды

“Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту” муниципалдык ишканасынын директору Жыргалбек Асаналиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Э.Абдыкадыров кол койду. Мындай чечимге министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун кечээ, 19-июлдагы Коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынында айткан сөзү себеп болду.

Башка буйрук менен аталган ишкананын директору болуп Эдил Касмалиев дайындалды.

Белгилей кетсек, Э.Касмалиев 2010-жылдан бери «Бишкекбашкыархитектура» МИде иштеп, ландшафттык-архитектуралык чөйрөнүн пландарын, башкы пландарын иштеп чыккан, 2019-жылдан бери шаар куруучу архитектор болуп, башкы планды, курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу менен алектенген.

2021-жылы «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинде башкы планды, курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча шаар куруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарган.

“Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту» муниципалдык ишканасынын уставынын долбооруна ылайык, анын негизги максаты мэриянын атынан шаардын жалпы шаар куруу саясатын ишке ашыруу, ошондой эле Башкы планды, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерин жана шаарды курууга жана өнүктүрүүгө байланышкан башка маселелерди ишке ашыруу үчүн шаар куруу документтеринин бардык зарыл этаптарын иштеп чыгуу болуп саналат.