Бишкек мэриясы автобус сатып алууга кайрадан тендер жарыялады

Бишкек шаардык мэриясы автобустарды сатып алуу боюнча экинчи жолу тендер жарыялаганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай , «Белес KG» ЖЧКсы менен Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин ортосунда «Белес KG» ЖЧКдан 5 автобус сатып алуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Чыгарылган жабдуулардын сапатын алгачкы текшерүү максатында газ кыймылдаткычы бар автобустарды сатып алуу пландаштырылган.

Буга чейин бул ата мекендик компанияга 50 жүргүнчү ташуучу автобус чыгарууга укук берген сертификат берилген.

2022-жылдын 1-июлунда «Бишкек жүргүнчүлөр транспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы 1 млрд сомго заманбап талаптарга жооп берген, кондиционер менен жабдылган, ошондой эле майыптыгы бар жарандар үчүн бардык шарттары бар 100 жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга чексиз сатып алуу ыкмасы менен тендер жарыяланган.

2022-жылдын 12-июлундагы тендердик табыштамаларды ачуу протоколуна ылайык, бул сынакка 4 катышуучу, анын ичинде «Белес KG» ЖЧКсы катышып, анын жыйынтыгы менен бардык катышуучулардын сунуштары четке кагылып, тендер жараксыз деп табылган. Себеби, катышуучулардын тендердик табыштамаларында техникалык тапшырманын (автобустардын техникалык параметрлери) жана тендердик документациянын белгиленген талаптарына жооп бербеген олуттуу кемчиликтер аныкталган.

Ошентип, 2022-жылы 14-июлда www.tenders.kg сайтында 100 жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн кайра тендер жарыяланган.

Тендердин катышуучуларынын тендердик документтерин ачуу 2022-жылдын 21-июлуна белгиленген. Тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү компания менен келишим түзүлөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө автобустарды сатып алуу боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында «Белес KG» ЖЧКсы менен биргеликте иш уланууда.