Бишкекте телефон үчүн адамды башка таш менен урган жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 16-июлга караган түнү болжол менен саат 02:55 чамасында 1978-жылы туулган М.С аттуу жаран кайгуул кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Анда Жаш Гвардия жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран башына таш менен катуу уруп, “Редми- А5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алгандыгын билдирген.

Жарандын кайрылуусу боюнча, кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Ж.У. аттуу жаранды кармашкан.

Ал тергөө кызматына өткөрүп берилди.