Казакстандын федерациясы Ысык-Көлдө каза болгон машыктыруучу тууралуу үн катты

Казакстандын жеңил атлетика федерациясы Ысык-Көлдүн Комсомол айылында жол кырсыгынан каза болгон машыктыруучу тууралуу үн катты.

Федерациянын маалыматы боюнча, Жузгенбаев Мурат Туабаевич СССРдин спорт чебери, жогорку квалификациялык деңгээлдеги машыктыруучу болгон.

“Ал төрт Олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана спорт чеберлерин, Казакстандын көптөгөн чемпиондорун даярдаган”, – деп айтылат Казакстандын жеңил атлетика федерациясынын маалыматында.

Ошондой эле федерация машыктыруучу 3-июлдан 20-июлга чейин Чолпон-Атага машыгуу жыйынына жөнөтүлгөнүн билдирген.

Кечээ, 16-июлда окуянын күбөлөрү Комсомол айылына жакын жерде Lexus RX 300 унаасынын айдоочусу казакстандык спортчуну өлтүрө сүзгөндүгүн билдиришкен.