Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси пара берип жаткан жеринен кармалды

Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

«Шектүү Б.Ю.Я. аттуу ыкчам кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүнү каалаган. Ал ижарага берилген жайыт жерлеринин максаттуу пайдаланылышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотууну пландаштырган», — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.