Төө-Ашуудагы тоннелде бузулуп калган унаалар чыгарылды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-июль күнү Жайыл районунун Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К. Көлбаев атындагы туннелдин ичинде Mersedes Benz жана Lexus RX300 үлгүсүндөгү автоунаалар бузулуп калган.

Жеринде нөөмөттө турган куткаруу кызматы тартылып, унааларды чыгарып беришкен.