Кыргызстандыктар Россияга кирүүгө чектөөлөрдүн бар же жоктугун онлайн текшере алышат

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар, Россияга сапар алаардын алдында Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына онлайн кирип, чектөөлөрдүн бар же жоктугун текшере алышат.

“Текшерүүнү жүргүзүү үчүн http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000 дарегиндеги тиешелүү талааларга фамилиясын, атын, атасынын атын, жынысын, туулган жылын, документтин түрү жана номерин, берилген өлкөнү киргизүү зарыл. Юридикалык жактан маанилүү расмий маалыматты алуу үчүн ички иштер органдарына кайрылууну сунуштайбыз.

“Сураныч жөнөтүү” баскычын басуу менен, сиз РФнын 2006-жылдын 27-июлундагы № 152-ФЗ Мыйзамына ылайык, жеке маалыматтарыңызды Россиянын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүгө жана иштетүүгө макулдугуңузду билдиресиз”, — деп айтылат маалыматта.