
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун 85 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Алардын ичинен 28 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 57 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган. Катталгандардын ичинен 18и вакцинанын экинчи дозасын алган.
Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 73, ооруканада 12 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учур катталган.