Акыркы суткада өлкөдө коронавирустун 85 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун 85 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 28 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 57 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган. Катталгандардын ичинен 18и вакцинанын экинчи дозасын алган.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 73, ооруканада 12 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учур катталган.