Ысык-Көлдө түнкү рейдде дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди

Ысык-Көлдүн курорттук аймагында милиция кызматкерлери “Өспүрүм-Түн” рейдин өткөрүштү

Түнкү мезгилде ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн балдарды аныктоо максатында уюштурулган иш-чаранын демилгечилери болуп, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору чыгышты.

Профилактикалык рейд негизинен курорттук аймактарда жайкысын түнкү оюн-зоок мекемелери иштеген жайларда өттү.


3 күндүк рейддин жүрүшүндө, райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору жаш өспүрүмдөр түнкүсүн көп чогулчу компьютердик салондор, түнкү клубдар, кафелер, дискотекалар, сейил бактар жана скверлер сыяктуу жайларды текшеришти. Натыйжада республиканын мыйзамдарында балдардын болушуна тыюу салынган же чектелген жерлерде түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн 12 бала аныкталган. Дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 08.37.14 2 Ысык-Көлдө түнкү рейдде дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди


Рейддин жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74 (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) беренеси менен 5 протокол түзүлүп, ата-энелердин ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 08.37.13 Ысык-Көлдө түнкү рейдде дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди


Башка аныкталган фактылар боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн башка мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы