ИИМ: Министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов Ноокен районунун жашоочулары менен жолугушту

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов, Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун эли менен жолугушууда. Жолугушууга Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 300дөй адам катышууда. Аталган жолугушууга Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков да катышууда.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 10.25.24 ИИМ: Министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов Ноокен районунун жашоочулары менен жолугушту


Буга чейин, Ички иштер министри Улан Ниязбеков жогоруда аталган жетекчилер менен бирдикте Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору менен Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарлырынын тургундары менен жолугушуп, алардын укук коргоо органдарына тиешелүү бардык маселелерин чечүүнү колго алган.
Бүгүн, Ноокен районундагы жолугушууда негизинен социалдык маселелер көтөрүлдү. Жайыт маселеси, соттор которулуп кетип иштер каралбай калган учурлардын бар экени, бала бакчанын жери жеке менчикке өтүп, азыр ошол жерге мечит салынганы жатканы, азык-түлүктөрдүн кымбатташына көзөмөлдүн керектиги, жол кырсыгы боюнча жүрүп жаткан тергөө ишинин жүрүшүнө нааразычылыктар бар экени айтылды.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 10.25.23 1 ИИМ: Министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов Ноокен районунун жашоочулары менен жолугушту


Ошондой эле, жергиликтүү тургундар жерлерди трансформациялоону, мамлекеттик каттоо кызматынын ишине нааразычылыктарды, чек ара маселелери, соттук отурумдарда жактоочулардын жок болуп калып, соттук териштирүүлөр убакыт-саатынан жылып кетип жатканын, күйүүчү майды темир жол менен ташууну айтышып, Ноокен районунун борбору Кочкор-Ата шаарына коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн кайгуул милициясын коюп берүүнү өтүнүштү. Бул боюнча министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов жооп берип, аталган маселени чечүүнүн жолдорун карайбыз деп убадасын берди. Жолугушууда жол кыймылынын кырсыктары көп болуп жатканы дагы айтылды.

Өз кезегинде ички иштер министрдин биринчи орун басары жол кыймылынын кырсыктарын алдын алуу иштери жүрүп жатканын билдирип, “Унаа” мекемеси ИИМдин карамагына өткөрүлгөнүн, бул бу багыттарда тиешелүү иштер аткарылып жатканын айтты. Айдоочулар да толук жол кыймылынын эрежелерин сактоосун эскертти.
Негизинен алганда Ноокен районундагы жолугушуу элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө багытталганын белгилейбиз.
Ал эми, Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн министрлер кабинетинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынына катышып жатканына байланыштуу ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Ноокен районундагы эл менен жолугушууга катыша алган жок.

WhatsApp Image 2022 07 14 at 10.25.22 ИИМ: Министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов Ноокен районунун жашоочулары менен жолугушту

ИИМдин Басма сөз кызматы