Мамлекет башчы: «Жалкоо» кадрлардан арылуу маалы келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө «жалкоо» кадрлардан арылуу маалы келгенин белгиледи.

«Ушул залда отурган баарыбыз мамлекеттин өнүгүүсүнө, мамлекеттеги коопсуздукту камсыздоого, коомдогу өзгөрүүлөргө, элдин жашоосун жакшыртууга, эл аралык мамилелердин оң болушуна жооптуубуз. Мамлекеттик кызыкчылык – баарынан бийик!  Аткарылып жаткан иштин – кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтө гана «аткарылды» эмес, реалдуу натыйжага ээ болуусу өтө маанилүү. Биз аткарып жаткан иштер Кыргызстандын ар бир жаранына оң таасирин тийгизиши керек.

Иштин жыйынтыгын чыгарып, иреттеп туруу – бул дагы бир жолу белди бекем бууганга, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат. Мурдагыдай «эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек» деген кадрлар арабызда болбоого тийиш. Азыр уктап жатчу учур эмес. Мен ар дайым ачыкмын.

Кай жерге барбайын, элдин суроолорун укмайынча кетпеймин. Бардык суроолорго түз эле, ачык жоопторду берип келемин. Өткөндө Бакыт Эргешович, Башкы прокурор Курманкул Токторалиевич, ички иштер министри Улан Омокановичтер аймактарды  кыдырып келишти. Бугун да кыдырып кетишти. Мындан ары бул салт улантылат. Бардык министрлер, Администрациядагы жетекчилер бүт региондорду кыдырып, элдин көйгөйлөрүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат»,-деди президент