Быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт, – Жапаров

Бул тууралуу Акылбек Жапаров 14-июлда президент Садыр Жапаров төрагылык кылган өкмөттүн жыйынында айтты.

«Былтыр 178 чакырым жолго гана асфальт төшөлгөн. Быйыл дагы 150 миң чарчы метр жолдогу чуңкурлар оңдолот. Дагы 250 чакырым жолго шагыл төгүлөт.

Баткен облусунда эле 43 объектте жолдор салынып жатат. Жол фонду түзүлдү. «Кыргыз жол куруу» компаниясы да түзүлдү. Кыргызстандын жолдорунун тышкы карызынан кутулуу боюнча дагы жакшы ойлорубуз бар», — деди Акылбек Жапаров.