“Чүй облусу эң алдыңкы орунда туруш керек болчу”: Садыр Жапаров Чүй губернатору Нурил Алымбаевдин ишин сынга алды

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурил Алымбаевдин ишин сынга алды.

Жапаровдун айтымында, Президенттин, Министрлер кабинетинин төрагасынын жана орун басарынын, Президенттин администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларынын саны 5779ду түзгөн. Анын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай турганы 5,2%.

«Бул боюнча аймактарда начар көрсөткүч Чүй облусунда катталды. Эмне үчүн сизде мындай начар көрсөткүч болуп жатат? Сиздин мамлекеттик кызматтардагы тажрыйбаңыз башкаларга салыштырмалуу өтө көп. Сиз ишти алдыга жылдырышыңыз керек. Чүйдө башка облустарга салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар.

Чүй облусу эң алдыңкы орунда туруш керек болчу, тескерисинче сиз 7-орунга түшүп калдыңыз. Иш кагаздарыңыздарда, иш башкармалыгыңыздарда абдан начар болуп жатат. Бул боюнча ишти күчөтүңүз»,-деди Жапаров.