“Компьютерге өткүлө да”: Садыр Жапаров кагаз көтөрүп жүргөн аткаминерлерди планшет, компьютер колдонууга чакырды

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Тургунбаев президент Садыр Жапаров катышкан Министрлер кабинетинин жыйынында муниципалдык кызматкерлерди жумушка алууда компьютердик тестирлөөнү жөнөкөйлөштүрүүнү суранды.

Ал эми Садыр Жапаров кагаз көтөрүп жүргөн аткаминерлерди планшет, компьютер колдонууга чакырды.

«Биз, тескерисинче, оорлотолу, компьютер, планшет колдонолу деп жатабыз. Сиз жеңилдетүүнү суранып атасыз. Мына алдыңарда тонналаган кагаз жатат, калем, блокнотту колдоносуңар.

Мына, менин алдымда эч нерсе жок, бир да калем, кагаз, блокнот колдонбойм. Мунун ичине (планшеттин — ред.) баары батат. Тескерисинче, компьютерге өткүлө да. 1-июлдан баштап кагаз алып бербейбиз дегенбиз. Тилекке каршы, көпчүлүк министрликтер менен борбордук органдар, бүгүнкү күнгө чейин электрондук өкмөткө өтө албай жатасыңар», — деди президент.