
Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Генерал-майор Бекбосун Апсатаров башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.