Ош шаарындагы жаңы салынып жаткан үйлөрдөн электр чубалгыларын (Кабель) уурдаган жигит кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына июнь айында шаар тургунунан арыз келип түшкөн. Ал арызда, жаңы салып жаткан үйүнүн электр чубалгыларын (Кабель) белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген.
Мындан башка дагы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн электр чубалгыларын уурдагандыгы боюнча шаардык милицияга төрт арыз катталган.


Аталган факт Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен катталып, кылмышкерди табуу боюнча атайын тапшырмалар берилген.


Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка тиешеси бар деген шек менен Ош шаарынын 1998-жылы туулган А.уулу Г. кармалып, тергөөгө камсыздалган.
Учурда шектүүнүн үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Иликтөөнүн жүрүшүндө кошумча маалымат берилет.


Ош ШИИБнын басма сөз кызматы