Чыңгыз Жумагулов отурган унаага белгисиз адамдар ок чыгарды

«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов отурган унаага белгисиз адамдар ок чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Карагул Акмат (7-апрель көчөсүнүн уландысы) көчөсүндөгү «Панорама» багыты тарапта болгон. Анда Дөө-Чынгыздын унаасы Фрунзе супермаркетинин жанына токтоп турган. Алдын ала маалымат боюнча, кримавторитет өз адамдары менен белгисиз адамдар менен жолугушууга келген, натыйжада ок атышуу болгон.

OIP 92 Чыңгыз Жумагулов отурган унаага белгисиз адамдар ок чыгарды