Садыр Жапаров медициналык текшерүүдөн өттү

Мамлекет башчы Садыр Жапаров медициналык текшерүүдөн өттү. Маалыматты президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

Маалыматка караганда, Жапаров бүгүн, 7-июлда медициналык кароодон өткөн.

«Өлкө башчы пландык профилактикалык кароодон өттү, саламаттыгы жакшы»,-деди ал.